Россияда үч айлык ымыркайга быламакты көп бергендиктен ал чарчап калды

© AFP / JOEL SAGETЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наристенин өлүмүнө апасынын шалаакылыгы себеп болгон

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Россиянын Севастополь шаарында үч айлык ымыркайга апасы быламакты көп бергендиктен чарчап калган. Бул тууралуу РИА Новости https://ria.ru/incidents/20170710/1498192118.html шаардык Тергөө комитетине таянуу менен билдирди.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 26 жаштагы аял үстүбүздөгү жылдын февраль айынан бери эмчектеги баласына дарыгердин көрсөтмөсүнө карабай быламык бере берген. Мунун кесептинен наристе 2-мартта чарчап калган.

Наристенин өлүмүнө апасынын шалаакылыгы себеп болгон. Дадилдөөчү маалыматтар чогултулуп, сотко жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0