Кытайдагы туздуу көл түркүн түскө боелду. Видео

Жазылуу
Анын туздуулугу Жансыз деңиздикине жакын болгондуктан, аны Кытайдын "Жансыз деңизи" деп коюшат.

Тихоокеанский остров Хендерсон - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң кир жер аныкталды
Кытайдагы Шаньси провинциясындагы ортосу унаа жолу менен бөлүнгөн Яньху көлү ысыктан улам түркүн өңдүү болуп калгандыгын CGTN телеканалы билдирди. 

Маалыматка караганда, акыркы күндөрдөгү аба ырайынын болуп көрбөгөндөй ысып кетиши көлдөгү балырлардын өтө тездик менен өсүп кетишине алып келген. Мындан улам суу ар кандай түскө боелуп калгандай элес калтырууда.

Яньху көлү дүйнөдөгү эң чоң туздуу көл болуп эсептелет. Анын курамында натрий сульваты менен магний сульфаты сыяктуу туздар мол.

Ошондой эле анын туздуулугу Жансыз деңиздикине (кайсы бир булактарда "Өлүк деңиз" деп айтылат, — ред.) жакын болгондуктан, аны Кытайдын "Жансыз деңизи" деп коюшат.

Жаңылыктар түрмөгү
0