БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Түштүк Африканын Лимпопо провинциясында арстандарга жем болуп кала жаздаган буйволду жабыла келген үйүрү куткарып калган.
Youtube тармагына жүктөлгөн видеодо эки арстан жалгыз буйволго кол салып, жерге жыгып алганын көрүүгө болот. Ошол эле учурда ары жактан буйволдор үйүрү менен чуркап келген. Алар жырткычтарды мүйүзү менен сүзүп үйүрлөшүн сактап калган.
Кармашууга алы келбеген арстандар акыры артка чегинүүгө мажбур болгон.