Бейонсе биринчи жолу эгиз уул-кызынын сүрөтүн жарыялады

© AFP / ROBYN BECKАмерикалык белгилүү ырчы Бейонсе. Архив
Америкалык белгилүү ырчы Бейонсе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы 12-июнь күнү Лос-Анджелестеги медициналык борборлорунун биринде эгиз төрөгөн

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Америкалык белгилүү ырчы Бейонсе биринчи жолу эгиздеринин сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Sir Carter and Rumi 1 month today. 🙏🏽❤️👨🏽👩🏽👧🏽👶🏾👶🏾

Публикация от Beyoncé (@beyonce) Июл 13 2017 в 10:10 PDT

"Сэр Картер менен Румиге бир ай толду", — деп сүрөттүн алдына жазылган.

Ырчы эгиз уул-кызын 12-июнь күнү Лос-Анджелестеги медициналык борборлорунун биринде төрөгөн.

Бейонсе рэпер Шон Кори Картерге (Jay-Z) 2008-жылы турмушка чыккан. Буга чейин түгөйлөр Блю Айви аттуу кызын тарбиялап келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0