АКШда селфи жасайм деген кыз 200 миң долларлык экспонаттарды сындырып алды. Видео

Жазылуу
Селфи кылам деген кыздын олдоксондугунан улам Hypercaine сериясындагы үч баалуу буюм талкаланган.

АКШнын Лос-Анжелес шаарында 14th Factory аттуу галереяга келген кыз селфи жасайм деп 200 миң долларга бааланган экспонаттарды сындырып алды. Бул тууралуу РИА Новости Mashable порталына таянып кабарлады.

Селфи палочка. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Дубайда эң узун селфи таякча боюнча дүйнөлүк рекорд жаңыланды
Видеодо көрүнүп тургандай галереяга келген кыз экспонаттар турган столдун жанына келип отуруп сүрөткө түшүүгө аракет кылган. Бирок оюу оңунан чыкпай артты көздөй жыгылып кетип, жыйынтыгында үстүндө баалуу буюмдар турган 10 стол тең биринин артынан бири кулап калган.

Маалымат боюнча селфи кылам деген кыздын олдоксондугунан улам Hypercaine сериясындагы үч баалуу буюм талкаланган. Алар сүрөтчү Саймон Берче, Глория Ю, Габриеэль Чан жана Жейкоб Блицер аттуу сүрөтчүлөрдүн колунан жасалган ар түрдүү формадагы жана түстөгү таажылар болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0