ЖККУ Афганистан боюнча жумушчу топтун ишин кеңейтүүнү чечти

© Sputnik / Александр Щербак/Фото ИТАР-ТАСС/ POOL / Медиабанкка өтүүЖамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун тышкы иштер министрлеринин Мински шаарындагы отуруму
Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун тышкы иштер министрлеринин Мински шаарындагы отуруму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Минскиде ЖККУнун курамындагы өлкөлөрдүн аскердик-техникалык кызматташуусун өнүктүрүү каралды

БИШКЕК, 18-июл. – Sputnik. Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун тышкы иштер министрлеринин Мински шаарындагы отурумунда Афганистан боюнча иш алып барууну активдештирүүнү чечишти. Бул туурасында РФтин Тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирүү кылгандыгын РИА Новости кабарлады. 

"ЖККУнун Афганистан боюнча иш алып барган жумушчу тобунун ишин активдештирүү чечими кабыл алынды. Андан сырткары, аталган уюмдун курамындагы өлкөлөрдүн аскердик-техникалык кызматташуусун өнүктүрүү каралды", — деп айткан Лавров.

РФ ТИМ башчысы Белоруссия борборундагы жыйын майнаптуу болгондугун, ал уюмдун күздө боло турган саммитине даярданууга жакшы жардамчы болорун кошумчалады.

ЖККУнун жаңы курамы 1999-жылы түзүлгөн. Анда Армения, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттери ортосунда келишим түзүлгөн. Учурда аталган мамлекеттер ЖККУга мүчө болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0