Монголиянын жумушка жөө каттаган жоон билек президенти тууралуу 10 факты

© REUTERS / RENTSENDORJ BAZARSUKHВыборы президента Монголии
Выборы президента Монголии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Монголиянын жаңы шайланган президентинин кызматтык артыкчылыктардан баш тартканы көпчүлүктү таң калтырып жатат. Анын мындай кадамы бир топ атка минерлерге үлгү болууда.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Өткөн жумада Монголиянын президенти болуп шайланган Халтмаагийн Баттулга 63 жылдан бери калыптанып калган салтты бузуп мамлекеттик резиденцияда жашоодон баш тартты.

Бул менен эле чектелбей ал жумушка жөө каттап жатат. Мындай кадамы менен атка минерлерди кымбат баалуу унаалардан жана башка ашыкча чыгымдардан арылууга үндөөдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Баттулга тууралуу кызыктуу 10 фактыны сунуштайт.

© AFP / FRED DUFOURХалтмаагийн Баттулга жаш кезинде дзюдо жана самбо менен машыгып Монголиянын курмасына кирген. 1989-жылы самбо боюнча дүйнө чемпиондугун багындыргандан кийин Монголия бийлиги анын эмгегин баалап, төрт бөлмөлүү батирди белекке берген.
Выборы президента Монголии - Sputnik Кыргызстан
Халтмаагийн Баттулга жаш кезинде дзюдо жана самбо менен машыгып Монголиянын курмасына кирген. 1989-жылы самбо боюнча дүйнө чемпиондугун багындыргандан кийин Монголия бийлиги анын эмгегин баалап, төрт бөлмөлүү батирди белекке берген.

1. Монголиянын президенти — чыгармачыл адам, сүрөтчү. Монументалдык искусство боюнча билим алган. Кесиби боюнча иштеп, жергиликтүү сүрөтчүлөр ассоциациясынын мүчөсү болгон.

Президентские выборы в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Назарбаев 77 жашта! Эл башы тууралуу кызыктуу 15 факты
2. Жаш кезинде дзюдо жана самбо менен машыгып Монголия курамасына кирген. Ал алгачкы жолу 1989-жылы самбо боюнча дүйнө чемпиондугун багындыргандан кийин дүйнө эли тааный баштаган. Монголия бийлиги анын эмгегин баалап төрт бөлмөлүү батир белекке берген.

3.1990-жылы ишкердик тармагына өтүп, ийгиликтүү өздөштүрүп кете алган. Сингапурдан видеокамераларды алып келип, үстүнө эки эсе кошуп саткан. Азыркы тапта Баттулга Монголиянын бай адамдарынын катарын толуктайт. Кээ бир тастыкталбаган маалыматтарда анын байлыгы 1,2 миллиард долларды түзөрү айтылат. Ал туризм жана айыл чарба жаатында мыкты иш алып барган.

4. Ошондой эле ал Улан-Батордон алыс эмес жерге Чыңгызхандын ат үстүндө турган 40 метрлик айкелин тургузганы менен белгилүү. Ал Монголиянын улуу баатырынын ири эстелиги жана дүйнөдөгү эң чоң айкел болуп саналат.

​5. Баттулга бизнес жана саясат менен алектенип жүргөнүнө карабай спортту таштаган эмес. Жумасына үч жолу залда тер төгөт.

6. Саясатка 2004-жылы кадам таштап Монголия парламентине депутат болуп шайланган. Кийинчерээк Транспорт, Айыл чарба жана өнөр жай министрликтерин жетектеген.

© REUTERS / RENTSENDORJ BAZARSUKHМонголиянын жаңы шайланган президенти Халтмаагийн Баттулга мурунку президент Цахиагийн Элбэгдорж менен инаугурация учурунда
Выборы президента Монголии - Sputnik Кыргызстан
Монголиянын жаңы шайланган президенти Халтмаагийн Баттулга мурунку президент Цахиагийн Элбэгдорж менен инаугурация учурунда

7. Айыл чарба жана өнөр жай министри болуп турганда коррупция боюнча айыпталган. Анда жол курууда бир компанияга өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жардам көрсөткөнү айтылат.

8. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, Монголиянын жаңы президенти дүйнө лидерлеринин арасында жоон билектүүсү болуп саналат.

9. Баттулга шляпа кийгенди жакшы көрөт.

10. Ошондой эле ал рок жанрындагы музаканы сүйүп угат.

Жаңылыктар түрмөгү
0