Россияда "өлүм топторунун" администратору соттолду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСот залындагы айыпталуучу. Архив
Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өлүм топтору" менен күрөшүү операциясына жабыр тарткан жана өз жанын кыйган 15 баланын ата-энеси катышты

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. "Өлүм топторунун" администратору Филипп Будейкин (Филипп Лис) үч жыл төрт айга эркинен ажыратылгандыгын Санкт-Петербург шаардык сотуна шилтеме берип РИА Новисти жазды. 

Мындай чечимди кылмыш иши болгон аймак болуп эсептелген Тюмень облусунун Тобольский райондук соту чыгарды.

Филипп Лис күнөөсүн мойнуна алып, ал үчүн өкүнөөрүн билдирген.

Компьютер колдонуп жаткан өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тихий дом" оюну — ата-энелердин билиши зарыл болгон 9 учур
Маалыматка караганда, ал 2016-жылдын жаз мезгилинде "ВКонтакте" тармагы аркылуу астрахандык 15 жашар окуучу кызды өз жанын кыюуга үндөгөн. Өспүрүмдү укук коргоо органдары сактап калган.

Листин таасири алдында өз жанын кыйгысы келген дагы бир тюмендик окуучуну медиктер аман алып калган.

Филипп Лис былтыркы жылдын ноябрь айында милиция тарабынан колго түшүрүлгөн. Ага байланыштуу иш боюнча Россиянын ар кайсы облустарында териштирүү иштери жүрүп, анын алкагында дагы башка интернет топтордун администраторлору суракка алынган.

"Өлүм топтору" менен күрөшүү операциясына жабыр тарткан жана өз жанын кыйган 15 баланын ата-энеси катышкан. Ал эми беш өспүрүмдү ажалдын оозунан "жулуп" алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0