Мексиканын борбору Мехико шаарына Юрий Гагариндин эстелиги орнотулду

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүБиринчи космонавт Юрий Гагариндин архивдик сүрөтү
Биринчи космонавт Юрий Гагариндин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи космонавт Юрий Гагариндин эстелигин орнотуу идеясы "Диалог культур — единый мир" фонду тарабынан демилгеленген.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Мексиканын борбору Мехико шаарына Юрий Гагариндин бюсту орнотулду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, биринчи космонавттын эстелиги "Вселенная" музейине коюлган.

"Биринчи космонавт Юрий Гагариндин эстелигин орнотуу идеясы "Диалог культур — единый мир" фонду тарабынан демилгеленип, шаршемби күнү коюлду. Иш-чарага Россиянын Мексикадагы элчиси Эдуард Малаян катышты", — деп жазылат маалыматта.

Юрий Гагарин 1961-жылы 12-апрелде жер шарынан алгачкылардан болуп космоско учкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0