Йеменде холера оорусуна шектелген 368 миң адам катталды

© REUTERS / KHALED ABDULLAHСана шаарындагы холераны дарылоо борборунда баласын карап жаткан аял
Сана шаарындагы холераны дарылоо борборунда баласын карап жаткан аял - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылдын 27-апрелинен 19-июлга чейин Йемендеги 23 провинциянын 21инде холера оорусуна шектелген 368 207 учур жана 1828 өлүм катталган.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. 2017-жылдын апрель айынан тарта Йеменде холера оорусуна шектелип 368 миң адам катталган. Бул тууралуу РИА Новости Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянып билдирди.

Ага ылайык, 2017-жылдын 27-апрелинен 19-июлга чейин Йемендеги 23 провинциянын 21инде холера оорусуна шектелген 368 207 учур жана 1828 өлүм катталган.

Алардын ичинен Амаат аль Азимах, Аль Ходейда, Ходжа, Амран жана Ибб провицияларында илдеттен жабыркагандар көп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0