Египетте Баш прокурордун өлүмүнө күнөлүү делген 30 киши өлүм жазасына тартылды

© AFP / KHALED DESOUKIЕгипеттин желеги. Архив
Египеттин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жыл мурда Каирдин Башкы прокуроруна кол салуу болуп, ал жараатынан улам каза болгон.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Каирдин соту өлкөнүн Башкы прокурору Хишам Баракаттын өлүмүнө күнөлүү деп табылган 30 адамды өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу РИА Новости "Йоум7" порталына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Интерпол 173 жан кечти террорчунун тизмесин жарыялады
Маалыматка ылайык, калган кылмышкерлер ар кыл жаза алышкан. Айрымдар бир нече жылга камалса, калгандарына өмүр бою абакта отуруу өкүмү чыккан.

Белгилей кетсек, 2015-жылдын июнь айында Каирдин Башкы прокуроруна кол салуу болуп, ал киши алган жараатынан улам каза болгон.

Египеттин Ички иштер министри Абдель Гаффар Башкы прокурордун өлүмүн "Мусулман агайындар" уюму уюштурганын айтып, аны ишке ашыруу үчүн 67 адам катышканын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0