Кабулда жанкечти өзүн аткаминердин үйүнүн жанында жардырып жиберди

© Sputnik / Александр Гращенков / Медиабанкка өтүүВид города Кабул
Вид города Кабул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда жардыруу таңда болгон

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Жанкечти өзүн Афганистандын экинчи вице-премьеринин үйүнүн жанында жардырып жиберди. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Афганистан тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Афганистанда коалициянын абадан урган соккусунан үч бала жабыркады
Полициянын маалыматына караганда, бул жардыруудан жабыркагандар болушу мүмкүн.

Ал эми Tolo News телеканалынын маалыматына караганда, жардыруу таңда Кабулдун алтынчы полициялык районунда жаңырган. Окуя болгон аймакта Афганистандын аткаруу бийлигинин жетекчисинин экинчи орун басары Мохаммад Мохакик жашаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0