Олимпиаданын 23 жолку чемпиону Майкл Фелпс акула менен жарышты

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүОлимпиада 2016. Плавание. Третий день
Олимпиада 2016. Плавание. Третий день - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчунун акула менен жарышкан видеосу жакынкы күндөрү Discovery каналынан көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Белгилүү америкалык сууда сүзүүчү, Олимпиаданын 23 жолку чепмпиону Майкл Фелпс жүз метрлик аралыкта акула менен жарышты. Бул тууралуу BBC жазып чыкты.

Белая акула вблизи залива Фальш - Sputnik Кыргызстан
Акула менен кармашкан куткаруучунун жамбашы жулунуп, жырткычтын тишине кетти
Спортчунун акула менен жарышкан видеосу жакынкы күндөрү Discovery каналынан көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, Фелпс канчалык ылдам сүзгөндүгүнө карабастан (саатына 10 чакырым) баары бир акула өзүнүн мыктылыгын далилдеген (саатына 40 чакырым).

Майкл Фелпс ылдамдыкты көбөйтүү үчүн бутуна монофин (эки бутка тагылып, сууда сүзүүдө жардам берет) тагып, коопсуздукту сактоо максатында акула сүзгөндөн кийин гана сууга түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0