Тыйын чычкан 45 миң кишини электр кубатысыз калтырды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүМаньчжурские белки и птицы в парке во Владивостоке
Маньчжурские белки и птицы в парке во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр тармагынын кызматкерлери ызы-чуу болгон калифорниялыктарды электр кубаты менен бир сааттан кийин камсыздаган.

БИШКЕК, 26-июл.— Sputnik. АКШнын Сан-Диего шаарында тыйын чычкандын айынан 45,5 миң адам электр жарыгысыз калды. Бул туурасында РИА Новости CBS8 телеканалына таянып кабарлады.

Окуя шейшемби күнү түштөн кийин болгон. Анын кесепетинен турак жайлар, бала бакчалар, мектептер, ишканалар караңгыда отуруп калган. Алдын ала маалыматтарга караганда, буга тыйын чычкандын электр кубатын берүүчү зымга тийип кеткени болгон.

Калаанын электр тармагынын кызматкерлери ызы-чуу болгон элди электр кубаты менен бир сааттан кийин камсыздаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0