"Евровидение-2018" сынагы кайсы шаарда өтөрү аныкталды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүЛиссабон шаарына көрүнүш. Архив
Лиссабон шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурстун эрежеси боюнча кийинки сынак биринчи орунду алган өлкөдө өтөт

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Европанын көрсөтүү кеңеши менен Португалиянын улуттук телеберүүсү "Евровидение-2018" эл аралык ыр сынагын өткөрүү үчүн Лиссабон шаарын тандашты. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында маалымдалат.

"Евровидение-2018" сынагынын уюштуруучулары расмий сайтына маданий иш-чарага байланышкан видеороликти жайгаштырды.

Киев шаарында өткөн "Евровидение-2017" сынагында Португалиянын атынан катышкан Сальвадор Собрал "Amar pelos dois" ыры менен биринчиликти алган. 

Сынактын эрежеси боюнча кийинки сынак биринчи орунду алган өлкөдө өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0