Голливуддун белгилүү актрисасы Анжелина Жолинин архивдик сүрөтү

Анжелина Жоли Бред Питт менен ажырашкандан кийинки биринчи интервьюсун берди

1334
(жаңыланган 09:54 28.07.2017)
Актриса журналисттерди жаңы үйүнө чакырып, ажырашкандан кийинки жашоосу тууралуу суроолорго жооп берген.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Голливуддун белгилүү актрисасы Анжелина Жоли күйөөсү менен ажырашкандан кийинки жашоосу тууралуу Vanity Fair басылмасы чоң материал жасады.

Белгилей кетсек, 2016-жылы Жоли 12 жыл бирге жашаган Бред Питт менен ажырашкан. Актрисанын жактоочулары Питт ага орой мамиле кылганын айтышып, балдардын камкордугун толугу менен Жолиге берүүнү талап кылышкан.

Актриса журналисттерди жаңы үйүнө чакырган. Бул үй мурда атактуу режиссер Сесил Б.де Миллге таандык болгон. Ажырашкандан кийин ал бардык убактысын режиссурага, балдарды тарбиялоого жана кайрымдуулукка арнарын айткан.

Жоли журналисттердин Бред Питт менен болгон мамилеси тууралуу суроого ачылып жооп берген эмес.

"Биз бири-бирибизге жана үй-бүлөбүзгө кам көрүп жатабыз", — деди ал.

Андан сырткары, жубайлардын жолу эки башка жакка кеткенден кийин пайда болгон оорулары тууралуу да айткан. Былтыр ал гипертониядан тышкары бетинин нервдери да жабыркаганын билдирди.

"Апамды ойлоп аябай кабатырландым, анткени ал рак илдетинен жапа чеккен. Менин балдарым да мен үчүн тынчсызданышын каалабайм. Өзүмдү жаман сезгенде душка кирип ыйлап алам. Эгер сиз өзүңүзгө ишенбей турсаңыз да, балдар алардын бирин сезбеши керек. Алар бардыгы жакшы болушун гана билиши кажет", — деди ал.

Актриса акыркы убакта анын териси кургап, чачынын агы көбөйүп кеткенин айтты.

1334
Белгилер:
кино, Анжелина Жоли, Голливуд
Тема боюнча
Брэд Питтке байланыштуу иликтөө иши токтоду
Питт менен Жоли ажырашуудан кийин биринчи ирет чогуу эс алышты
UFC уюмунун жеңилирээк салмактагы чемпиону Валентина Шевченко бир тууган эжесин Антонина менен. Архив

Ыңгайсыз болуп турам. Валентина эжеси Антонинаны колдогон сөздөрүн жазды

33
(жаңыланган 12:30 31.05.2020)
Антонина сиңдиси Валентинанын мурдагы атаандашы менен кармашты. Ушул жылдын февралында кыргызстандык спортчу Чукагянды техникалык нокаут менен утуп алган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. UFC уюмунун жеңилирээк салмактагы (57 кг) чемпиону Валентина Шевченко UFC on ESPN 9 турниринде Кэтлин Чукагянга утулган эжеси Антонинаны колдоого алды. Ал билдирүүсүн Twitter-аккаунтуна жазды.

Бүгүн эртең менен болгон беттеште Антонина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен кез келип, калыстардын бирдей чечими менен жеңилип калды. Каршылашы беттештин жүрүшүндө көбүрөөк үстөмдүк кылды.

"Кандай гана болбосун, сени жакшы көрөм, менин сүйүктүү эжем! Сен мага эргүү, колдоо берген дүйнөдөгү эң кымбат адамымсың. Жаракатыма байланыштуу октагондун бурчунда туруп, сага колдоо көрсөтө албай калганыма ыңгайсыз болуп турам. Бирок ар дайым жаныңда болом", — деген Валентина.

Белгилей кетсек, эже-сиңди бир салмактан беттешке чыгышат. Бүгүн Антонина Валентинанын мурдагы атаандашы менен кармашты. Ушул жылдын февралындагы UFC 247 турниринде кыргызстандык спортчу Чукагянды техникалык нокаут менен утуп, наамын коргоп калган.

33
Белгилер:
атаандаштык, колдоо, беттешүү, Валентина Шевченко, Антонина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Антонина Шевченко Лас-Вегастагы UFC турниринде жеңилип калды. Видео
Мындан да күчтүү болуп кайтам! Бети-башы көгала Антонина үн катты
Коронавируска тест жасап жаткан медицина кызматкери

Ааламда коронавирус жуктургандардын саны 6 миллиондон ашты

12
(жаңыланган 12:10 31.05.2020)
Пандемия башталгандан бери жер жүзүндө 369,1 миң адам көз жумду. Коронавирус жуктурган жана каза тапкан мамлекеттердин сап башында Америка турат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 6 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс университетинин сайтында жазылган.

Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы жонунан вируска кабылгандардын саны 6 миллион 60 миң кишиге жетти. Пандемия башталгандан бери 369,1 миң адам көз жумду.

Дүйнө жүзү боюнча АКШда инфекциянын эң көп учуру аныкталды, ал жакта ооругандардын саны 1,7 миллиондон ашат. Экинчи орунда Бразилия турат, жуктургандарды саны 498 миңден көп. Үчүнчү сапта Россия, ал мамлекетте вирустун 396,5 миң учуру катталган.

Коронавирустан каза тапкандар боюнча дагы Америка алдыга чыкты. Өлкөдө 103,781 адам көз жумган.

12
Белгилер:
өлүм, жуктуруу, коронавирус, Дүйнө
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат
Мышык менен ойноп жаткан бөбөк. Архив

Бөбөгүн жоготкон бала милицияга айтып, алар эки жашар баланы эки саатта тапты

0
(жаңыланган 12:55 31.05.2020)
29-май күнү милиционерлер Ак-Өргө конушун аралап нөөмөттө жүргөндө, инисин жоготуп алган бала кайрылган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлору Бишкектин Ак-Өргө кичи районунда жоголуп кеткен эки жашар баланы ата-энесине таап берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.

29-май күнү милиционерлер Ак-Өргө конушун аралап нөөмөттө жүргөндө, инисин жоготуп алган бала (жашы айтылган эмес) кайрылган. Ал саат 13.30дар чамасында эшиктин алдында ойноп турган инисин таппай калганын айткан.

"Эки сааттан кийин бөбөк ошол эле конуштагы Гагарин менен Ашар көчөлөрүнүн кесилишинен табылып, ата-энесинин колуна тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан билдиришкендей, небересинин табылганына сүйүнгөн чоң эне инспекторлорго ыраазычылыгын айткан.

0
Белгилер:
издөө, бала, милиция, "Ак-Өргө" кичи району, Бишкек
Тема боюнча
Чүйдөн жоголгон өспүрүм кыздар Баткенден табылды