Таиландда аскага чыгып сүрөткө түшүп жаткан турист аялды толкун алып кетти

© AFP / CHRISTOPHE ARCHAMBAULT Туристический сезон в тайском острове Пхукет
Туристический сезон в тайском острове Пхукет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пхукеттеги көптөгөн пляждарга түшүүгө тыюу салынып, көл жээктерине кызыл желектер илинди

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кытайлык 30 жаштагы турист Таиланддагы Пхукет аралындагы көл толкунунун фонунда сүрөткө түшүп жатканда каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости Phuket News порталына шилтеме кылып жазып чыкты.

Окуя Камала Бич пляжынын аймагында болгон.

"Кытайлык турист аялды жолдошу аскадан сүрөткө тартып жатканда, анын артындагы көлдүн толкуну бийик көтөрүлүп аялды көлгө тартып кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, аялдын сөөгүн суудан алып чыгышты", — деп айтылат маалыматта.

Полициядан билдиришкендей, турист аял менен жолдошу кырсык катталган аймактан алыс эмес жердеги "люкс" классындагы дачада эс алып жатышкан.

Учурда Пхукеттеги көптөгөн пляждарга түшүүгө тыюу салынып, көл жээктерине кызыл желектер илинди.

Жаңылыктар түрмөгү
0