Еврокомиссиянын башчысы Меркелди жубайы менен алмаштырып алды. Видео

© REUTERS / ERIC VIDALЕврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Брюсселде маалымат жыйын берип жаткан учурда
Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Брюсселде маалымат жыйын берип жаткан учурда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жан-Клод Юнкер маалымат жыйын учурунда сүйлөп жатканда уюлдук аппаратына телефон чалуу келген

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Брюсселде маалымат жыйын берип жаткан учурда ыңгайсыз абалга туш келгенин Euronews жазып чыкты.

Еврокомиссиянын миграция маселеси боюнча вице-президенти Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо менен биргеликте өткөрүлүп жаткан маалымат жыйын учурунда Еврокомиссиянын башчысына телефон чалуу түшкөн.

Ал телефонун өчүрүп салып "кечиргиле, жубайым чалып калды" деп айтып, бирок уюлдук аппаратынын экранындагы жазууну жакшылап окуганда канцлер Ангела Меркель экенин көргөн. Ал ошол замат журналисттерге жаңылганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0