Жооп күткүлө, акмактар! Рогозин учкан учакты Румынияга кондурбай коюшту

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүРоссиянын вице-премьери Дмитрий Рогозиндин архивдик сүрөтү
Россиянын вице-премьери Дмитрий Рогозиндин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер менен биргеликте учакта 165 жүргүнчү болгон. Анын ичинен 11и балдар эле.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Румыния республикасы ичинде Россиянын вице-премьери Дмитрий Рогозин бар жарандык учакты өзүнүн аба аймагына киргизбей койгонун Sputnik Молдова агенттиги жазды. 

Мамлекет S7 авиакомпаниясынын учагына конууга уруксат бербей койгондуктан, аба кемеси Минск шаарындагы аэропортко конууга аргасыз болду.

Рогозин Днестрде тынчтык операциясынын башталышынын 25 жылдыгына катара иш-чарага катышууну пландаган. Ал Кишиневго Молдованын президенти Игорь Додон менен жолугушууга учуп бара жаткан. 

"Румыния бийлиги S7 компаниясынын учагындагы жүргүнчүлөрдүн жашоосуна коркунуч жаратты. Күйүүчү май Минскидеги аба майданына чейин гана жетти. Жооп күткүлө, акмактар!" — деп Рогозин өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Sputnik Беларусь агенттиги жазгандай, вице-премьер менен биргеликте учакта 165 жүргүнчү болгон. Анын ичинен 11и балдар эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0