Түркияда Гүлен менен байланышы бар деп бир жумада 831 киши кармалды

© REUTERS / Charles MostollerТурецкий проповедник Фетхуллах Гюлен
Турецкий проповедник Фетхуллах Гюлен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Андан сырткары, террордук уюмдар менен алака түздү делип ондогон киши колго түштү

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Түркиянын бийлиги дин аалымы Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп бир жума ичинде 831 кишини кармады. Бул тууралуу Рейтер агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Гүлен Түркияда төңкөрүш кылууга аракет жасаган деп айыпталып, учурда АКШнын Пенсильвания штатында жашайт.

Түркиялык динаятчы Фетхуллах Гүлендин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Түркия Гүлен жана депутаттарды кошкондо 130 кишини жарандыктан ажыратарын айтты
Укук коргоо органдары, андан сырткары, өлкөдө ишмердигин тыюу салынган Күрдстан жумушчу партиясынын мүчөсү деген шек менен 213 кишини кармаган. Муну менен бирге 46 киши "Ислам мамлекети" террордук тобуна тиешеси бар делинүүдө. Дагы сегиз киши башка террордук топтор менен алака түзгөн деген шек менен колго түшүрүлгөн.

2016-жылдын 16-июлунда көтөрүлүшчүлөр Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги каршылыктар Анкара жана Стамбул шаарларында болгон. Көтөрүлүш токтотулганы менен 240 түрк жараны каза таап, 2 миңден ашык адам жаракат алган.

Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине Гүленди күнөөлөп, АКШдан аны экстрадиция кылууну суранган. Ал эми диний аалым өзү көтөрүлүштү сынга алып, ага тиешеси жок экендигин айтып чыккан.

АКШда жашап жаткан Гүленди кайтарып берүү боюнча Түркиянын талабын Америка аткара элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0