Кытай жеринин бир карышын да башкаларга алдырбайт

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКытай эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин. Архив
Кытай эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай лидери өз сөзүндө эч ким эч качан Пекинди суверенитетке каршы аракеттерди кылууга мажбурлай албай турганын баса белгиледи.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кытай эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кытайдын элдик-куткаруучу армиясынын 90 жылдык салтанатында алар эч убакта баскынчы болбой турганын, ошол эле учурда өз жерин да башкаларга бастыржибербей турганын баса белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты. 

"Кытай эли тынчтыкты сүйөт, биз эч убакта баскынчы болбойбуз жана башкалардын эсебинен өз аймагыбызды кеңейтүү ниетибиз да жок. Ошол эле учурда бир дагы кишиге, уюмга, саясий партияга Кытайдын карыш жерин алдырбайбыз", — деди Цзиньпин.

Ал өз сөзүндө эч ким эч качан Пекинди суверенитетке каршы аракеттерди кылууга мажбурлай албай турганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0