Ымыркайдын ашказанындагы түйүлдүк. Индиядагы аномалия

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүРабота регионального перинатального центра в Калининграде
Работа регионального перинатального центра в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наристенин ашказанына түшүп калган уруктан түйүлдүктүн кадимкидей өсүп калганы байкалган

БИШКЕК, 1-авг. — Spitnik. Индияда жарыкка жаңы келген ымыркайдын ичинен түйүлдүк табышты. Бул тууралуу РИА Новости Daily Mail басылмасына таянып кабарлады.

Адаттан тышкаркы бул көрүнүштү Мумбра шаарында дарыгер-рентгенолог кош бойлуу аялды карап жатканда УЗИден байкаган.Түкшүмөл ойдо калгандыктан, бала туулгандан кийин дагы текшерип көрүүнү чечкен. Дарыгер ымыркайдын ашказанынан анын эгизин тапкан.

Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башты алмаштыруу: күткөн күн жакындап барат
Басылманын маалыматына караганда, ымыркайдын ашказанына түшүп калган уруктан түйүлдүк кадимкидей өсүп калганы байкалган. Таңгалган дарыгер ашказан ичинен мээси, колдору менен буттары пайда болгон адамзатын тапкан. Ченей келгенде анын узундугу 7 сантиметр, салмагы 150 грамм болуп чыккан.

Дарыгерлер жаңы туулган баланын ичине паразит-эмбиронду ымыркайга залалын тийгизбей алып салышкан. Операция коңшулаш жайгашкан Тхана шаарында жасалган. Басылма учурда эне менен баланын саламаттыгы жакшы экендигин жазды.

Илимде бул аномалия "түйүлдүктөгү түйүлдүк" деп аталары, ал сейрек, тагыраагы 500 миңдин биринде кездешери айтылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0