Сот залында атышкан "GTA бандасынын" видеосу жарыяланды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСитуация у Московского областного суда
Ситуация у Московского областного суда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул окуя 1-августта болгон. Соттолуп жаткан беш киши коштоп келген укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салып, тапанчаларын тартып алган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Москванын облустук сотунун имаратында "Банда GTA" менен укук коргоо органдарынын атышуу видеосу жарыяланды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги РЕН ТВ телеканалына таянуу менен билдирди.

Видеодон залга кылмышкерлердин кирүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Ушундан кийин кылмышкерлер менен укук коргоо органдарынын ортосунда атышуу башталат.

Бул окуя 1-августта болгон. Соттолуп жаткан беш киши коштоп келген укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салып, тапанчаларын тартып алган. Бирок алардын качып кетүүсүнө жол берилбей, үч кылмышкер атып өлтүрүлгөн. Дагы экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Атышуудан ОМОНдун аскери менен эки полиция жаракат алган. 

Эске сала кетсек, 2012-2014-жылдары Москва шаарынын жака белинде катары менен бир канча айдоочулар өлтүрүлүп, кай бири тонолгон. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары бул кышмакерлерди "GTA тобу" деп атап койгон.

GTA — атактуу компьютер оюну. Анда баш каарман ар кимди тоноп, алдынан чыкканын өлтүрө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0