Despacito ырына тартылган клип YouTube сайтында рекорд жаратты

© AP Photo / Lynne SladkyИсполнители Луиса Фонси и Daddy Yankee во время исполнения песни "Despacito"
Исполнители Луиса Фонси и Daddy Yankee во время исполнения песни Despacito - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Daddy Yankee менен Луис Фонсинин клиби "Форсаж-7" тасмасынан алып тартылган See you again клибинен ашып өттү

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Despacito ырына тартылган клип YouTube сайтында рекорд койду. Аны үч миллиарддан ашык киши көргөнүн Billboard басылмасы жазып чыкты.

Молодая певица Толгонай Арзыкеева - Sputnik Кыргызстан
Despacito ырын аткарган Толгонай: россиялык продюсерден баш тарттым
Daddy Yankee менен Луис Фонсинин клиби "Форсаж-7" тасмасынан алып тартылган See you again клибинен ашып өттү. Буга чейин түштүк кореялык ырчы PSY аткарган Gangam Style ыры беш жыл катары менен лидерликтен түшкөн эмес.

Пуэрто-рикалык ырчы Луис Фонсинин Despacito ыры интернетте болуп көрбөгөндөй рекорд жаратып, жарым жылдын ичинде 4,6 миллиард адам уккан. Ал эми чыгарманын клиби YouTube каналына үстүбүздөгү жылдын январь айында жарыяланып 3 миллиарддан ашык адам көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0