Окумуштуулар тамекинин калдыгын жолго төшөлчү асфальтка кошууну сунуштоодо

© AFP / PHILIPPE MERLEТамеки чегип бараткан айдоочу. Архив
Тамеки чегип бараткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөдө жылына болжол менен 5,7 триллион чылым чегилет. Алардын ичинен 4,5 миллиарды атайын таштандыга эмес, жолго, сейил бакка, газонго ташталат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Австралиялык окумуштуулар чылымдын калдыктарын жолго төшөлчү асфальтка аралаштырууну сунуштап жатканын Construction and Building Materials журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Илимпоздордун пикири боюнча тамеки калдыктары жолдордун сапатын жакшыртууга жардам берет.

"Биз көп жылдардан бери тамекинин калдыгынан кутулуунун оңой жана арзан жолун издеп жүргөнбүз. Бул таштандылардан уулу заттар бөлүнүп чыкпашы үчүн үстүнө парафин жана битум төшөлөт. Мындай жол менен сапаттуу материал таап, ошол эле маалда таштандыдан оңой арылууга болот", — деп окумуштуулар билдирди.

Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын жаштары өз алдынча демилге көтөрүп, Таза жээк акциясын уюштурду - Sputnik Кыргызстан
Көлдүн жээгин тазалаган Тору-Айгырдын жаштарына туристтер жардам берди
Адам баласынан арткан таштандылардын жыл сайын көбөйүп баратышы, калдыктарды курулуш материалдары катары колдонууга идея жаратып келет.

Мисалы, ушул тапта жолго төшөлүп жаткан асфальттын курамында майдаланган дөңгөлөктөр, ал эми кирпичтерге айнек идиштердин калдыктары кошулат.

Маалыматка караганда, жылына дүйнөдө болжол менен 5,7 триллион чылым чегилет. Алардын ичинен 4,5 миллиарды атайын таштандыга эмес, жолго, сейил бакка, газонго ташталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0