Чиркей чаккан немис аялдын жарааты кабылдап колу менен бутунан ажырады

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүЧиркей. Архив
Чиркей. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Март айларында 43 жаштагы аял сыртка таштанды алып чыкканда аны чиркей чагып кеткен.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Германиянын Кельн шаарынын тургунун чиркей чагып, жыйынтыгында дарыгерлер анын колу-буттарын кесип салууга аргасыз болушту. Бул тууралуу РИА Новости Koelner Express басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка ылайык, 43 жаштагы аял март айларында сыртка таштанды алып чыкканда аны чиркей чагып кеткен.

"Өзүнүн айтымында, алгач чиркей чаккан жери дөмпөйүп, андан соң сөөктөрү какшап, башы айланган. Аялды Тез жардам ооруканага жеткирип, бирок бир сыйра текшерген соң дарыгерлер аны кайра үйүнө жиберип ийишкен", — деп жазылат маалыматта.

Бирок бейтаптын абалы күндөн-күнгө оорлоп, жолдошу аны кайра ооруканага алып келет. Ал жактан аял бир жумадай комага түшүп, дарыгерлер анын эки бутун жана колдорун кесип салууга аргасыз болгон. Медиктер чиркей аялды чакканда инфекция кирип, ошондон каны булганышы ыктымал дешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0