Балким таанып каларсыз. Кадыров Иракта жетим калган балдардын видеосун жарыялады

© AFP / AHMAD GHARABLIБоевые действия в иракском городе Мосул
Боевые действия в иракском городе Мосул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадыров эгер балдарды тааныгандар болсо атайын дарек боюнча кайрылууга чакырат

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров өзүнүн Instagram баракчасына Багдаддагы балдар үйү тууралуу видеону жарыялады. Анда КМШ өлкөлөрүнүн балдары тууралуу баяндалат. Алардын ата-энелери "Ислам мамлекети" террордук уюмунун катарына кошулуп, балдарын таштап салган.

Кадыров балдардын туугандары аларды таанып, дарек боюнча кайрылат деген үмүттө.

"Russia Today телеканалынын жетекчиси Маргарита Симоньяндын суранычы боюнча видеороликти жарыялап жатам. Видео Багдаддагы балдар үйүндө тартылган. Андагы балдар орусча сүйлөйт. Алардын ата-энеси жок. Аттарын да билишпейт, бирок коркуу, өлүм деген нерсе аларга тааныш. Балким бул балдарды кимдир бирөөлөр тааныйт… Эгер таанысаңыз же кандайдыр бир маалымат билсеңиз children@rttv.ru дарегине кат жазгыла", — деп Кадыров жазып чыкты.

Ситуация в сирийском городе Идлиб - Sputnik Кыргызстан
Үч жыл ичинде Ирак, Сириядагы бомбалоодон бейкүнөө 624 адам өлгөн
Ал буга чейин Ирактагы балдар үйүндө КМШ жарандарынын 300дөй баласы бар экенин билдирген. Аларды ата-энеси Жакынкы Чыгыштагы согушка катышуу үчүн алып келишкен.

Россиянын балдар укуктары боюнча өкүлү Анна Кузнецованын айтымында, согуш болуп жаткан Сирия, Ирак жана башка аймактарда бойго жете элек 400дөй бала бар. Кадыров балдарды мекенине кайтарууда бир топ кыйынчылыктар бар экенин айтып, алардын негизгиси документ маселеси экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0