Түркияда Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар делип 35 журналист кармалды

© REUTERS / Charles MostollerТурецкий проповедник Фетхуллах Гюлен
Турецкий проповедник Фетхуллах Гюлен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган журналисттердин жашаган жери дагы тинтүүгө алынууда

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Стамбулдун прокуратурасы дин аалымы Фетхуллах Гүлендин уюму менен байланышы бар деген шек менен 35 журналистти кармады. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы билдирди.

Турецкий проповедник Фетхуллах Гюлен - Sputnik Кыргызстан
Түркияда Гүлен менен байланышы бар деп бир жумада 831 киши кармалды
Маалыматка ылайык, кармалган журналисттер ByLock программасын колдонгон. Түрк бийлиги аталган программаны "Гүлендин уюму маалымат алышууда колдонот" деп айыптап келет. Кармалган журналисттердин жашаган жери дагы тинтүүгө алынууда.

2016-жылдын 16-июлунда көтөрүлүшчүлөр Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги каршылыктар Анкара жана Стамбул шаарларында болгон. Көтөрүлүш токтотулганы менен 240 түрк жараны каза таап, 2 миңден ашык адам жаракат алган.

Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине Гүленди күнөөлөп, АКШдан аны экстрадиция кылууну суранган. Ал эми диний аалым өзү көтөрүлүштү сынга алып, ага тиешеси жок экендигин айтып чыккан.

АКШда жашап жаткан Гүленди кайтарып берүү боюнча Түркиянын талабын Америка аткара элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0