Окумуштуулар Антарктидадагы муз алдынан 91 вулкан тапты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүАнтарктида. Архив
Антарктида. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табылган вулкандардын бийиктиги 100 метрден 3,85 чакырымга чейин жетип, материктин батыш жээгинде жайгашкан.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эдинбург университетинин окумуштуулар тобу Антарктидадагы муз алдында 91 вулкан бар экендигин аныктап чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости Guardian басылмасына шилтеме кылып жазды.

Төөлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда төөлөрдү сактап калуу үчүн 145 кен иштетүү жайлары жабылат
Маалыматка ылайык, табылган вулкандардын бийиктиги 100 метрден 3,85 чакырымга чейин жетип, материктин батыш жээгинде жайгашкан. Анын үстүндө эки чакырым калыңдыктагы муз жатат.

Көпчүлүккө белгисиз болгон вулкандарды табуу үчүн окумуштуулар унааларга жана учактарга радарларды орнотуп, муз алдындагы жерлерди изилдеп чыгышкан. Андан соң чогултулган маалыматтарды космостон алынган сүрөттөр менен салыштырып, вулкандардын жайгашкан жерлерин болжолдуу табууга аракет жасашкан.

Изилдөөнүн катышуучуларынын бири Роберт Бингэмдин айтымында, аталган аймак дүйнө жүзүндөгү эң көп вулкан жайгашкан жер болушу мүмкүн.

"Шельф музунун алдындагы Росса деңизинде дагы вулкандар бар деп болжоп жатабыз. Негизи бул жер дүйнө жүзү боюнча вулкандардын жогорку концентрациясы бар аймак болуп калышы мүмкүн", — деди Роберт Бингэм.

Буга чейин муз алдында 47 антарктикалык вулкан бар экендиги аныкталган. Аны окумуштуулар муз үстүнө чыгып калган чокулар аркылуу табышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0