Ким Чен Ын: Түндүк Корея күн-түн дебей сокку урууга даяр

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПхеньян шаарындагы аскердик парад. Архив
Пхеньян шаарындагы аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Корея лидери согуш чыгып кетпеши үчүн АКШ туура кадам жасашы керектигин жар салды

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкө аскерине күн-түн дебей сокку урууга даяр туруу буйругун берди. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жергиликтүү ЖМКларга таянуу менен жазып чыкты. 

Мамлекет башчысы согуш чыгып кетпеши үчүн АКШ туура кадам жасашы керектигин жар салды. Ошондой эле ал Гуам аралына карай ракета учуруу боюнча армиянын планы менен таанышты.

"АКШ… туура чечим кабыл алып, Корей жарым аралындагы абалды турукташтырууга ниети бар экенин көрсөтүшү керек", — деди Ким Чен Ын.

Встреча президента РФ В. Путина и председателя КНР Си Цзиньпина в Москве - Sputnik Кыргызстан
Си Цзиньпин АКШ менен Түндүк Кореяны абалды курчутуудан алыс болууга чакырды
Ал эми Түштүн Корея президенти Мун Чжэ Ин Корей жарым аралындагы согуштук аракеттер Сеулдун макулдугусуз ишке ашпай турганын айтып, ага жол бербөө үчүн болгон күчүн жумшай турганын убадалады.

Түндүк Корея БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкцияларына карабай АКШ жана анын союздаштарынан коргонуу жүйөсү менен ракеталык сыноолорун жасап келет. Өткөн аптада Пхеньян менен Вашингтон бири-бирин коркуткан билдирүүлөрдү жасашкан. Корея аскерлери Тынч океанындагы аралда жайгашкан АКШнын аскердик объектилерине ракеталык сокку жасоо мүмкүнчүлүгүн карап жатканы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0