Архивное фото телеведущего Андрея Малахова

Андрей Малаховдун кайсы телеканалга өткөнү белгилүү болду

1667
(жаңыланган 13:22 24.08.2017)
Маалымат булагы Малахов августтун аягында эфирге чыгып каларын кошумчалаган

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Теле алып баруучу Андрей Малахов "Россия 1" телеканалына өтүп, "Прямой эфир" ток-шоусун алып барат. Бул туурасында РИА Новости абал менен тааныш болгон маалымат булактарына таянып кабарлады.

Буга чейин аталган ток-шоуну Борис Корчевников алып барган.

"Малахов "Россия 1" телеканалында "Прямой эфир" ток-шоусун алып бара турган болду", — деп билдирген ал киши агенттиктин журналистине.

Анын айтымына караганда, теле алып баруучу программаны уюштурган жамаат менен жолуккан. Маалыматта Малахов августтун аягында эфирге чыгып калары кошумчаланган.

Мындан сырткары, ал "Россия 1де" алып баруучу гана болбостон, бир канча долбоорлорго продюсердик кылмакчы. Маалымат булагы аталган каналда Малахов Биринчи каналдаалып баргандай "Сегодня вечером" телеберүүсү пайда болушу мүмкүндүгүн айтты.

Буга чейин Малаховдун Биринчи каналдан кетип, анны ордуна "Пусть говорят" теле берүүсүнө Дмитрий Борисов аттуу жаңы алып баруучу тандалганы маалымдалган эле.

Ал эми дүйшөмбү күнү "Пусть говорят" Малаховсуз эфирге чыкты.

Айрым маалымат каражаттары теле алып баруунун иштен кетишин балалуу боло тургандыгына байланыштырса, бир катарлары Малахов менен жаңы продюсердин ортосунда чыккан түшүнбөстүктөр себеп экенин айтышкан.

1667
Белгилер:
алып баруучу, Биринчи канал, Андрей Малахов
Тема боюнча
Алып баруучу Канышай Рысбекова: эфир үчүн ар түрдүү бут тосуулар болду
Ооруканадагы капельницалар. Архив

Россияда көпүрө урап 49 кыргызстандык жабыркады. Сүрөт

4
(жаңыланган 16:13 27.09.2020)
Маалым болгондой, аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү. Маселе элчинин жеке көзөмөлүнө алынды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Россиянын Москва облусундагы "ФМ Сидорово" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап Кыргызстандын 49 жараны жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты

Маалыматка ылайык, жабыркаган мекендештердин ичинен төртөөнүн абалы оор, каза болгондор жок.

"Кырсыктан жабыркагандар Ступинский ооруканасына жеткирилген. Учурда окуя болгон жерде Россиянын ӨКМ, прокуратура, тез жарджам кызматы, тергөө комитети жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү иш алып барууда.Жеринде Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен ИИМдин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери КР жарандарына ар тараптан колдоо көрсөтүү үчүн жүрүшөт", — деп айтылат маалыматта.

​Маалым болгондой, аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү.

4
Белгилер:
кырсык, көпүрө, жаран, Россия
Тема боюнча
Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам
Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасындагы Степанакерт шаары. Архив

Армения менен Азербайжандын чатагы. Тараптардын бири аскердик абал жарыялады

14
(жаңыланган 16:00 27.09.2020)
Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Өткөн түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жетти. Мындан улам республика президенти аскердик абал жарыялаганын РИА Новости жазды.

Эртең менен Азербайжандын Коргонуу министрлиги алардын аскерлерине жана бир нече айылга Армения тараптан миномёттор менен аткылоо болгонун айтып чыкты. Ал эми Армения өзүнүн Тоолуу Карабахтагы куралдуу күчтөрү Азербайжандын басып кирүүсүнөн коргонуу үчүн ок чыгарганын жар салды.

Эки тарап тең бир нече техникаларынан ажыраганын жана аскерлердин жарадар болгонун айтууда.

Көп өтпөй Армения өкмөтү шашылыш жыйын өткөрүп, өлкөгө аскердик абал жарыялаганын билдирди.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда. Ал эми Түркия Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тарапташы экенин моюндайт. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.

14
Белгилер:
атышуу, чек ара, Жаңжал, Армения, Азербайжан
Тема боюнча
КМШнын абадан коргонуу күчтөрү НАТОнун чагымдарына каршы биригүүгө даярбы? Видео