Сериал көрүп жаткан аялдын архивдик сүрөтү

Сааттап сериал көрүүнүн кесепети эмнеге алып келери анык болду

428
Сериалдар популярдуулугу боюнча ток-шоу менен көңүл ачуучу программаларды эбак артка таштаптыр

БИШКЕК, 17-авг. – Sputnik. Сериалды ордунан жылбай отуруп бир нече сааттап көргөндөрдүн түн уйкусу бузулуп, кыймыл-аракети ыкчам болбой калат. Бул туурасында РИА Новости Journal of Clinical Sleep Medicine илимий басылмасына таянып маалымдады.

"Сериалдын түбүнө түшүп, бир нече сааттап, уктабай көргөндөр сюжетти кубалап отуруп, экранга байланып калат. Алар окуяга ушунчалык кирип кеткендиктен жана узак убакыт көргөндүктөн уктаганда да түшүнө кирип, тынч эс ала алышпайт", — деп айткан Бельгиядагы университеттердин биринин өкүлү Лизе Экселманс.

Окумуштуу буга "Игра престолов" сыяктуу сериалдар кирерин кошумчалаган.

Россиядагы жана чет өлкөдөгү социалдык кызматтар жүргүзгөн сурамжылоодон акыркы мезгилде телеканалдардагы сериалдар эл арасында кеңири тарала баштаган. Аны ток-шоу менен көңүл ачуучу башка программалардан да көп көрүшөт. Маалыматта күнүнө миллиондогон адамдар теленин алдында тирмийип сериал тиктеп отурушары айтылган.

Nielsen компаниясы сериал менен "ооругандар" адатта күн сайын белгиленген бир гана мөөнөттө эмес, бардык серияларын топтоп алып бир дем менен көргөндөр экендигин, алардын саны улам арбып бара жаткандыгын билдирген.

Экселманс жана анын кесиптеши Мичиган университетинин окумуштуусу Ян ван ден Бюлк баарын топтоп алып бир нече саат отуруп көргөндөрдүн психикасы жабыркап, саламаттыгы начарлай тургандыгын айтышкан.

Алар ыктыярчыларды эки топко бөлүп, атайын иликтөө жасап көрүшкөн. Беркилерге салыштырмалуу бир отурганда бир канча серияны көргөндөр түнү менен тынч уктай албай, түшүнө сюжттер, каармандар кирип кыйналып чыккандыгын айтышкан. Андан сырткары, эрте жатам дегендер сериалды кыя албай, үкүгө айланышканын жашырган эмес.

428
Белгилер:
Окумуштуулар, уйку, сериал
Тема боюнча
Окумуштуулар Антарктидадагы муз алдынан 91 вулкан тапты
Окумуштуулар тамекинин калдыгын жолго төшөлчү асфальтка кошууну сунуштоодо
Ооруканада бөбөк. Архив

Өзбекстанда төрөлгөн эки баштуу сиам эгиздер 9 күн жашап чарчап калышты

66
(жаңыланган 19:30 06.07.2020)
Жарык дүйнөгө келген перзенттер жакшы дем ала албай, жүрөгү начар иштегендиктен көп профилдүү медициналык борбордо ак халатчандардын көзөмөлүндө болчу.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Өзбекстанда июнь айынын соңунда төрөлгөн эки баштуу сиам эгиздер чарчап калышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып жазып чыкты.

Мекеменин маалыматына ылайык, өзгөчө эгиздер 27-июнда жарык дүйнөгө келип, салмагы 4,6 килограмм, бою 48 сантиметр эле.

Самаркандда сейрек кездешкен сиам эгиздери жарыкка келди. Видео

Изилдөөдөн кийин анын эки өтү бар экени, калган органдарды кадимки адамдыкындай эле жетилгени анык болгон. Жарык дүйнөгө келген перзенттер жакшы дем ала албай, жүрөгү начар иштегендиктен көп профилдүү медициналык борбордо ак халатчандардын көзөмөлүндө эле.

Жергиликтүү басылмалардын бири сиам эгиздин энеси ымыркайлардын кемтиги бар экенин үч айлык боюнда бар кезинде эле билгенин жазып чыгышты. Ага карабай ал төрөөнү чечкен.

Дарыгерлердин пикиринде, сиам эгиздеринин пайда болушуна гендик мутациялар себеп болгон.

66
Белгилер:
медицина, сиам эгиздери, Өзбекстан
Тема боюнча
Бангладеште бир баштуу сиам эгиздерин операцияга даярдашууда. Видео
Бишкекте коронавирустан көз жумган 27 жаштагы келин эгиз төрөгөн. Чоо-жайы
Илимий лабораториянын кызматкери. Архив

Дүйнөлүк уюм Россиянын COVID-19га каршы чыгарган вакцинасына кызыгып жатат

186
(жаңыланган 17:04 06.07.2020)
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Коронавируска каршы медициналык дарылардын тилектештик тести боюнча иш алып барууда. Бирок ага ири державалардын адистери катыша элек.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Россиянын COVID-19га каршы чыгарган вакцинасына кызыгып жаткандыгын аталган уюмдун башкы илимий кызматкери Сумия Сваминатан айтты. Бул маалыматты Sputnik радиосу таратты.

"Биз авифавир боюнча изилдөө, сыноо жүргүзүлүп жаткандыгын билебиз. Эки же үч дарыны тесттен өткөрүшүүдө, жыйынтыгын күтүп жатабыз. Мындан сырткары, россиялык вакцинага да кызыгуу бар", — деп айтып берген РИА Новостиге.

Сваминатан россиялык адистер вакцинаны иштеп чыкчулардын тилектештик тести менен кызматташууга макул болот деп үмүттөнүп жаткандыгын билдирген.

Россияда COVID-19га каршы вакцинаны сайдыргандардын абалы айтылды

Учурда Россия, Кытай, Улуу Британия, Франция жана АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өткөрүп жаткан Коронавируска каршы медициналык дарылардын тилектештик тестине катышпай турат.

Россия өзү COVID-19га каршы бир учурда бир нече вакцина иштеп чыгып жатат.

"Вектор" борборунун адистери түзгөн үч вакцинанын прототиби сыноодон ийгиликтүү өттү. Мындан сырткары, учурда Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту менен биргеликте Коргоо министрлиги вакцинаны сыноону улантууда.

Россия COVID-19га каршы вакцинаны кантип сынап жатат. Ыктыярчылар тартылган видео

Жон Хопкинс университетинин акыркы маалыматтарына ылайык, жер жүзүндө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 11 миллион 564 миң 185ке жеткен. Илдеттен 536 миң 893 адам каза болгону айтылат.

Ал эми Кыргызстанда 7 691 учурга жетти. 2 843 адам сакайып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы 92 жаран каза тапты.

Маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын Telegram-каналына да кирип окуп турсаңыз болот.

186
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, сыноо, тест, сыноочу, вакцина, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия COVID-19га каршы дары жана тесттерди дүйнөлүк рынокко алып чыгууга даяр
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков Бирдиктүү евразия патенти боюнча маанилүү документке кол койду

15
(жаңыланган 22:40 06.07.2020)
Документке ылайык, бир нече өлкө менен сооданы өнүктүрүүгө, региондо инвестициялык климатты жакшыртууга шарт түзүлмөкчү.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков “Евразия патенттик конвенциясынын Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколун ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган протоколго 2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган. Ал эми мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

“Протоколдун негизги максаты — өнөр жай менчик объектилерин коргоонун евразия системасын бекемдөө жана кеңейтүү. Макулдашуучу мамлекеттердин аймагында бирдиктүү евразия патентинин негизинде өнөр жай үлгүлөрүн коргоонун мамлекеттер аралык системасын түзүлөт.  Ошондой ички рынокторун өнүктүрүү, соода жана инвестициялык иштерди жандантууга өбөлгө болот”, — деп жазылат маалыматта.

ЕЭК жалпы электроэнергетика рыногун түзүү боюнча иш-чаралардын жол картасын жактырды

Макулдашуучу мамлекеттердин курамына Азербайжан, Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан, Россия, Түркмөнстан мамлекеттери кирет.

Аны менен катар Евразия патенттик конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн аймагында сооданы өнүктүрүүгө, ошондой эле региондо инвестициялык климатты жакшыртууга шарт түзөрү айтылат.

15
Белгилер:
Евразия, патент, кол, документ, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси