Зыяратчылар. Архив

Сауд Аравиясы ажылык сапарга келген катарлыктарга чек араны ача турган болду

142
(жаңыланган 09:54 17.08.2017)
Король катарлык зыяратчыларды ажылыктын учурунда өз эсебинен учак менен алып келүүгө буйрук берди

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Сауд Аравия королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд Катардан ажылык зыярат кылып келе тургандарга чек арадан өтүүгө электрондук уруксат берүүнүн зарылдыгы жоктугун айтты. Бул туурасында РИА Новости Al Arabiya телеканалына шилтеме кылып кабарлады.

Король мындан сырткары катарлык зыяратчыларды ажылыктын учурунда өз эсебинен учак менен алып келүүгө буйрук берди.

Эске сала кетсек, 5-июнда Сауд Аравиясы, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги жана Египет бул мамлекет менен дипломатиялык алака-катнашты үзө тургандыгын билдирген. Коңшулары Катарды "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" террордук топторун колдоп, араб өлкөлөрүнүн ички чарбасына кийлигишет деп кине койгон. Бир аз убакыттан кийин аларга дагы бир топ мамлекеттер кошулган.

142
Белгилер:
ажылык сапар, Катар, Сауд Аравиясы
Тема:
Ажылык – 2017 (42)
Тема боюнча
Катар мамилеси сууп жаткан өлкөлөрдүн жарандарын аймагында калтырарын айтты
Сауд Аравияда жарым миллиондой зыяратчы ажылык парзын өтөп жүрөт