Forbes эң көп акча тапкан актрисаны аныктады

© AP Photo / Matt SaylesОскар сыйлыгын тапшыруу аземи
Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи орунга чыккан актрисанын жылдык кирешеси 26 миллион долларга жетсе, бешинчи орундагысы 15,5 миллион доллар табары анык болду.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Forbes журналынын версиясы боюнча "Ла-ла ленд" фильми үчүн "Оскар" сыйлыгына татыган америкалык Эмма Стоун 2017-жылы дүйнөдөгү эң көп акча тапкан актриса деп табылды. Анын бир жылдык кирешеси 26 миллион долларга жеткен. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАмерикалык актриса Эмма Стоун
Открытие 71-го Венецианского кинофестиваля - Sputnik Кыргызстан
Америкалык актриса Эмма Стоун

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Декларация: Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин кимиси бай
Рейтингде экинчи орунду "Достор" телесериалында роль жараткан америкалык Женнифер Энистон ээлеген. Ал бир жылдын ичинде 25,5 миллион доллар кирешени "Сары чымчыктар" деп аталган согуштук драмага тартылуудан алган. Ал эми үчүнчү сапка "Катаал оюндар" тасмасында баш каармандын ролун аткарган актриса Женнифер Лоуренс чыккан. Анын узаган жылдагы кирешеси 24 миллион долларды чапчыган.

Ал эми дүйнөдөгү эң көп акча тапкандардын алдыңкы бештигине жылдык кирешеси 18 миллион доллар болгон Мелисса Маккарти жана жылына 15,5 миллион доллар тапкан голливуд актрисасы Мила Кунис кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0