Тынч океанга 72 жыл мурун чөгүп кеткен АКШнын аскер кемеси табылды

© AP PhotoАмериканский крейсер "Индианополис"
Американский крейсер Индианополис - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеме 12 мүнөттүн ичинде чөгүп кеткендиктен, жардам сурап кайрылууга эч мүмкүнчүлүк болгон эмес.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Хиросимадагы атам бомбасынын бөлүкчөлөрүн алып бараткан америкалык "Индианаполис" кемесинин калдыктары Тынч океандын түбүнөн 5,4 миң метр тереңдиктен табылганын CNN телеканалы билдирди.

Годовщина гибели подлодки Курск - Sputnik Кыргызстан
17 жыл мурдагы "Курск" трагедиясы эскерилди. Суу алдында калган 118 моряк
Маалыматка ылайык, аталган кеме 1945-жылы 30-июлда Япония кемесинин аткылоосуна кабылып, чөгүп кеткен. Бул окуя АКШнын аскер-деңиз күчтөрүндөгү эң көп адам өмүрүн алган окуя катары тарыхта калган. Кеменин калдыктары жума күнү Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Пол Аллендин жетекчилиги алдындагы жарандык изилдөөчүлөр тарабынан табылган.

Телеканалдын маалымдашынча, дал ошол күнү кеме атом бомбасынын акыркы бөлүктөрүн жеткирүү боюнча жашыруун миссияны аткарып, кайтып келе жаткан. Кеме 12 мүнөттүн ичинде чөгүп кеткендиктен, жардам сурап кайрылууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Андагы 1196 деңиз аскеринин 316сы гана тирүү калган. Кемени издөө иштери 72 жылга созулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0