Сауд Аравия Катардагы зыяратчылар үчүн атайын учак жөнөтүүгө даяр

© AP Photo / Hassan AmmarЭр-Рияд. Саудовская Аравия
Эр-Рияд. Саудовская Аравия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катарлык зыяратчыларды Boeing 777-300 учактары дайындалган. Алардын ар бирине 300дөн киши батат. Катардан быйыл 1,6 миңдей зыяратчы ажылыкка барары күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Сауд Аравиянын Saudi Airways авиакомпаниясы Катардагы зыяратчыларды ташып келүү үчүн жаңы жети учак бөлдү. Эми бир гана Катардан уруксат күтүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги "Оказ" гезитине таянуу менен билдирди.

Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравиясы ажылык сапарга келген катарлыктарга чек араны ача турган болду
Saudi Airways авиакомпаниясынын жетекчилиги расмий Доха алардын учактарынын конуусуна уруксат бере электигин маалымдаган.

Бирок аталган гезит Катардын бийлиги учактарга уруксат берүү жума башында караларын, себеби катарлык зыяратчыларды ташуу 22-25-августка пландалганын айтышкан. Алардын ажылык амалдары 5-сентябрда аяктайт.

Айрым ЖМКлар Катар зыяратчыларды алып кетүү үчүн Сауд Аравиянын компаниясына уруксат бербей койду деп жазып чыгышкан. Бирок Катардын жарандык авиация башкармалыгы бул маалымат чындыкка коошпой турганын билдирди.

Маалым болгондой катарлык зыяратчыларды Boeing 777-300 учактары дайындалган. Алардын ар бирине 300дөн киши батат. Катардан быйыл 1,6 миңдей зыяратчы ажылыкка барары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0