Кытайдын түштүк тарабындагы Гуандун провинциясында тайфун болуп имараттар кыйроого учурады

Кытайдагы тайфун адамдарды учуруп, имараттарды кыйратты. Кырсыктын видеосу

5372
(жаңыланган 11:50 25.08.2017)
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 45 метрге чейин жеткен

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кытайдын түштүк тарабындагы Гуандун провинциясында тайфун болуп имараттар кыйроого учурады. Бул тууралуу РИА Новости Кытайдын борбордук телеканалына шилтеме берүү менен билдирди. 

Телеканал жарыялаган видеодон шаардын көчөлөрүн суу каптаганын көрүүгө болот.

Маалыматта шамалдын ылдамдыгы секундасына 45 метрге чейин жеткени айтылат. Жаратылыш кырсыгы жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн, 23-августта, болжол менен саат 12.50дө катталган.

Тайфун болуп жаткан учурда тартылып алынган видео Facebook тармагына жүктөлдү. Андан катуу шамал адамдарды бир нече аралыкка чейин учуруп, унаа оодарылып адамды басып калганын жана имараттын конструкциясы кыйрап жатканын көрүүгө болот.

Ал эми Гуандун провинциясынын Гуанжоу шаарында жашап жаткан Максат Бакиров ал жакта кыргыз жарандары да көп жашарын айтып, жабыркагандар тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

5372
Белгилер:
Кыйроо, тайфун, Кытай
Тема боюнча
Казакстанда жүрөк үшүн алган бороон катталды. Видео
Трамптын аскерге кийгизген шапкеси шамалга учуп кетти
Париждеги глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митинг

Унаалар өрттөлүп, ок атылды. Франциядагы башаламандыктын видеосу

42
(жаңыланган 00:15 29.11.2020)
Каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Париждеги (Франция) тынчтык митингинде башаламандык жаралып, демонстранттар менен полиция кагыша кетти. Бул тууралуу Russia Today агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

Жарандар глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митингге чыгышкан. Андагы пунктулардын бирине ылайык, физикалык жана психикалык жактан зыян келтирүү максатында полиция адамынын сүрөтүн же идентификациялоонун кайсы бир элементин жайылткандарга бир жыл абакта отуруу жана 45 миң евро айып пул салынат.

Акцияга жарандардан сырткары ЖМК өкүлдөрү, адвокаттар жана бир нече парламентарийлер катышкан.

Кийинчерээк каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

Андан соң митингчилер менен укук коргоочулар кагыша кеткен.

Башаламандык учурунда бир нече унаа жана мотоцикл өрттөлгөн.

Көчөлөрдөн кулак тундуруучу гранаталардын үнү угулуп турган.

Маалыматка караганда, демонстранттардын айрымдары дүкөндөрдүн витриналарын жана унааларды талкалашкан.

42
Белгилер:
Митинг, башаламандык, Франция
Тема боюнча
Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш

Тынчтыкка карай... Россия Тоолуу Карабахка кандай жардам берип жатат

115
Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасынын жашоочулары согуштан кийин акырындык менен үйлөрүнө кайта баштады. Аларга россиялык тынчтык орнотуучулар менен ӨКМ куткаруучулары жардам берүүдө.

Аскер инженерлери согуш учурунда талкаланган аймакта байланыш каражаттары менен инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам берүүдө. Ошондой эле жол кыймылы калыбына келип, борбор калаада коомдук транспорт каттай баштады.

Адистер мурда согуш талаасы болгон аймактын ар бир метринен жарылуучу заттарды издеп, учурда 2 гектар аймак менен 3 чакырым жолду тыкыр карап чыгышты. Көптөгөн жарандык жана социалдык объектилер текшерилди.

115
Белгилер:
жашоо, эл, тынчтык, Тоолуу Карабах, Россия
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Кадам сайын жарылбасын! Карабахтагы миналарды зыянсыздандыруу аракеттери
Карабахтагы сириялык туркомандар: согушууга барышканбы же жайгашуугабы?