Иранда турмушка чыга турган кыз калыңына 1 372 бак отургузууну талап кылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с микроблога Twitter пользователя یگانه مهاجر‏
Снимок с микроблога Twitter пользователя یگانه مهاجر‏ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү салт боюнча күйөө бала кыздын каалаганын аткарышы керек

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ирандын Илам провинциясында турмушка чыга турган кыз болочок күйөөсүн калыңдын ордуна 1 372 дарак отургузууну милдеттендирген. Бул тууралуу Tehran Times басылмаса жазды.

​Калыптанган салт-санаа боюнча калыңдын көлөмү үйлөнүү келишиминде көрсөтүлөт. Кыздын шартын аткаруу же калыңды төлөө бала үчүн милдеттүү болуп саналат. Турмушка чыга турчу кыз азем буюмдарды, үй-тиричилик буюмдарын, там же жер тилкесин сатып бер деши мүмкүн.

​Бирок Илам провинциясынын тургуну болочок күйөөсүнө жаратылышка кам көрүп, 1 372 бак отургузууну суранган. Ал бул санды жөн жерден тандап алган эмес. Ислам календеры боюнча кыздын туулган жылы дал ушул санга туура келет (Григориан календары боюнча 1993-жыл болот).

Жаңылыктар түрмөгү
0