Трамп жынысын алмаштырган адамдардын армияга кирүүсүнө тыюу салды

© AP Photo / Carolyn KasterПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар кандай маалыматтар боюнча АКШнын армиясында 1,3 миңден 6 миңге чейин жынысын өзгөртүп алган жоокерлер кызмат өтөп келет

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп трансгендерлердин армияда кызмат өтөөсүнө расмий тыюу салды. Бул тууралуу өлкө башчынын колу коюлган меморандумга таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

АКШ президентти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Трамптын Twitter тармагындагы аккаунту 2 млрд. долларга бааланды
Маалыматта бул норма 2016-жылы ошол кездеги президент Барак Обаманын буйругу менен жокко чыгарылып, жынысын өзгөртүүнү каалаган аскер кызматкеринин операциясына кетчү чыгымды Пентагон моюндап келген.

Трамп трансгендерлердин кызмат өтөөсү армиянын натыйжалуулугун кыскартарын, чыгымдарды көбөйүп, иш ыраатын буза турганын белгилеген.

"Меморандум Пентагого өз каражатынан жоокерлердин жынысын өзгөртүү боюнча операцияларды каржылоого тыюу салат. Мындан тышкары, АКШнын Куралдуу күчтөрүндөгү трансгендерлер менен мындан аркы мамиле кандай болорун аныктоо милдеттендирилет", — деп жазылат билдирүүдө.

Ар кандай маалыматтар боюнча АКШнын армиясында 1,3 миңден 6 миңге чейин жынысын өзгөртүп алган жоокерлер кызмат өтөп келет.

Тийиштүү мыйзам 2018-жылдын 23-мартынан баштап күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0