АКШ "Харви" бороону ири суу ташкынын шарттай турганын божомолдоодо

© AFP / MARK RALSTONУраган "Харви" в США
Ураган Харви в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Техас штатына бара турган кыргызстандыктарга сапардын мөөнөтүн жылдырууга, ал эми ошол аймакта жашап жаткан мекендештерди сак болууга чакырган билдирүү тараткан.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Мексика куймасындагы Техас жээгине туш келген "Харви" бороонунун күчү басаңдаганы менен ири суу ташкыны божомолдонуп жатканын АКШнын бороондорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.

"Жума күнү башталган бороондун ылдамдыгы саатына 210 чакырымга жеткен. Борбордун маалыматы боюнча ушу тапта шамалдын ылдамдыгы саатына 155 чакырымды түзүүдө.

"Харви" акырындап Түштүк Техастын ичине кирип бара жатат. Кийинки күндөрү катуу нөшөр болуп, ал ири суу ташкынын шартташы мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.

Кытайдын түштүк тарабындагы Гуандун провинциясында тайфун болуп имараттар кыйроого учурады - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы тайфун адамдарды учуруп, имараттарды кыйратты. Кырсыктын видеосу
Бу жолку бороон акыркы 12 жылдын ичиндеги ири кырсык экени айтылды. Эскерте кетсек, 2005-жылы "Катрина" деп аталган бороон катталып, анын айынан Жаңы Орлеан менен Луизиана шаарларын суу каптап кеткен.

Кечээ Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Техас штатына бара турган кыргызстандыктарга сапардын мөөнөтүн жылдырууга, ал эми ошол аймакта жашап жаткан мекендештерди сак болууга чакырган билдирүү тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0