Газанын жашоочулары 30 жылдан бери биринчи ирет кинотеатрга барды

© Sputnik / Альян Назар / Медиабанкка өтүүСектор Газа. Архив
Сектор Газа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элге Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналыктар тууралуу "Он жыл" деп аталган толук метраждуу тасма тартууланды.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Газанын жүздөгөн жашоочулары ишемби күнү кечинде 30 жылдан бери биринчи ирет кинотеатрга барышты. Бул туурасында РИА Новости Франс Пресс агенттигине таянып кабарлады. 

Угрозы Северной Кореи Японии - Sputnik Кыргызстан
Пентагон: Түндүк Корея АКШга сокку урса, согуш чыгып кетиши мүмкүн
Газадагы "Самер" деп аталган эски кинотеатр көрүүчүлөр үчүн эшигин бир күн гана ачты. Ишемби күндөгү сеанска 300гө чукул аял-эркек келген. Аларга Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналыктар тууралуу "Он жыл" деп аталган толук метраждуу тасма тартууланды. Картина толугу менен Газа аймагында тартылган.

Агенттиктин маалыматына караганда, "Самер" кинотеатры 1944-жылы курулуп, бирок 1960-жылдары жабылып калган. Аталган аймактагы калган кинотеатрлар 1980-жылдын соңунда "биринчи интифада" мезгилинде эшиктерин узакка жапкан.

Элге кино көрсөтүүнү уюштурган Гхада Сальми агенттикке бул иш-чара "Газадагы кинонун кайра жаралышынын" символу экенин айтып берген.

Палестиналык биринчи интифада (1987 — 1991-жылдар) палестиналыктардын израилдиктердин 2967-жылы болгон алты күндүк согушта аймактарды басып алуусуна көрсөтүлгөн каршы күрөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0