Түндүк Кореянын ракетасы Япониянын үстүнөн учуп өттү. Кандай жооп болду?

© AP Photo / Lee Jin-manСеверокорейский лидер Ким Чен Ын
Северокорейский лидер Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пхеньяндын мындай кадамына АКШ, Түштүк Корея жана Япония ыкчам жооп берди

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Түндүк Корея шейшембинин таңында өлкө башчысы Ким Чен Ындын катышуусу менен ракета учуруп, ал Япониянын үстүнөн учуп өткөнүн РИА Новости жазып чыкты.

Ракета Тынч океанына Япониянын чыгышына карай 1,2 чакырым алыстыкта түшүп, 2,7 чакырым аралыкты учуп өткөн. Токио БУУнун Коопсуздук кеңешинин ыкчам чакыруу процедурасын баштаганын билдирди.

Алеппо шаары. Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Кореядан Сирияга жиберилген сырдуу эки жүк жолдон кармалды
Япония бийлиги өлкө аймагында ракетанын сыныктары табылбаганын, жабыркагандар жок экенин, бирок ошол эле маалда өкмөт өз жарандарынын коопсуздугу үчүн бардык аракетин жумшай турганын белгиледи.

Ал эми Түштүк Корея армия күчөтүлгөн тартипке өткөнүн айтса, АКШ Түндүк Америкага ракета эч кандай кооптуулук жаратпаганын жар салды.

Акыркы мезгилде Пхеньян менен Вашингтон удаасы менен бири-бирин опузага алган билдирүүлөрдү таратты. Кореянын борбордук телеграф агенттиги түндүк кореялык аскерлер Тынч океандын батыш аймагындагы Гуам аралындагы АКШ объектилерине ракета багыттоо планын талкуулап жатканын да жазган.

АКШ президенти Трамп аталган өлкө соңку ракетаны учурганда муну ойлонбой жасалган акылсыз жана кооптуу кадам деп айыптап, "Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын АКШнын Гуам аралында бир нерсе кыла турган болсо дүйнө али көрө элек каар менен отко кабылат" деген эле.

Эскерте кетсек, Тынч океандагы Гуам аралында Американын Андерсен аба базасы менен Апра-Харбор деп аталган аскер-деңиз базасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0