Эрдогандын сакчылары Вашингтондо демонстранттарды сабаганы үчүн АКШ нааразы болду

© AFP / WANG ZHAOТүркиянын президенти Тайип Эрдоган. Архив
Түркиянын президенти Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрдоган чатак болгон жерден жазып алынган видеону өзү карап көрүп, күзөтчүлөрү демонстранттарды сабап жатканына күбө болгон.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. АКШ бийлиги 19 кишиге, анын ичинен Түрк коопсуздук кызматынын 15 өкүлүнө президент Тайип Эрдогандын сапары учурунда нааразылык акциясына катышкандарга кол салган деген айып такты. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине таянып кабарлады. 

Антиправительственные выступления против исламизации Турции - Sputnik Кыргызстан
Түрк чиновнигинин "Себат" тууралуу пикирин Кыргызстан басым катары кабыл алды
Түрк президентинин иш сапары 2017-жылдын май айында болгон.

Өлкө башчынын иш сапары учурунда Түркиянын Вашингтондогу элчилигинин резиденциясынын алдында нааразылык акциясынын катышуучулары менен күзөтчүлөр ортосунда кагылышуу болуп кеткен.

Американын борборунда жүргөн Эрдоган чатак болгон жерден жазып алынган видеону өзү карап көрүп, күзөтчүлөрү демонстранттарды сабап жатканына күбө болгон. АКШнын мамлекеттик департаменти Түркияга нааразылык билдирген. Ал эми Анкара тагылган айыпты четке кагып, күнөөнү АКШ бийлигине оодарып, алардын "зарыл болгон коопсуздук чараларын көрбөгөнүн" айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0