АКШ: кабарчы түз эфир учурунда унаасы менен чөгүп бараткан адамды куткарып калды

© REUTERS / Adrees Latif Тропический шторм Харви в Техасе
Тропический шторм Харви в Техасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гриффин жана продюсер Брайан Рокус кырсыкка кабылган адамды унаасынан сууруп, жээкке сүйрөп чыгышкан. Куткаруу учурундагы окуя түз эфирде көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Техаста CNN телеканалынын кабарчысы Дрю Гриффин түз эфир учурунда сууга чөгүп бараткан унаанын ичинен айдоочусун куткарып калган. Видео аталган телеканалдын сайтында жарыяланды.

Гриффин чыгармачыл топ менен Техастагы "Харви" бороонуна байланыштуу ал жактагы кырдаалды чагылдырып жаткан. Түз эфир башталайын деп калганда камерага жолдо келе жатып суу толгон чуңкурга кирип кеткен ак түстөгү унаа түшүп калган.

Ураган Харви в США - Sputnik Кыргызстан
АКШ "Харви" бороону ири суу ташкынын шарттай турганын божомолдоодо
Гриффин жана продюсери Брайан Рокус экөө дароо кырсыкка кабылган адамга жардам берүүгө чуркашкан. Алар унаанын ичиндеги адамды сыртка алып чыгып, жээкке сүйрөп чыгышкан. Куткаруу учурундагы окуя түз эфирде көрсөтүлүп, Гриффин эмне болуп жатканын айтып турган.

Ал эми унаа ошол бойдон агып кеткен.

CNN телеканалынын маалыматына ылайык, унаанын айдоочусу Жерри Самралл чыгармачыл топко жардам көрсөткөндөрү үчүн ыраазычылык билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0