Обама АКШнын эң көп пенсия алган экс-президенти болот

© AFP / SAUL LOEB АКШнын экс-президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү
АКШнын экс-президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Обаманы багууга мурдагы президенттерге караганда алда канча көп каражат каралууда

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. 2018-жылы америкалык салык төлөөчүлөр АКШнын экс-президенти Барак Обаманы камсыздоого 1,15 миллион доллар сарпташат. Бул тууралуу Washington Times басылмасы кабарлады.

Аталган гезитте жазылгандай, Обаманы багууга мурдагы президенттерге караганда көп каражат каралат.

"Салык төлөөчүлөр Жорж Бушту камсыздоого 942 миң доллар, ал эми Жимми Картерге 456 миң доллар төлөшөт. Буга экс-президенттердин пенсиясы жана кеңсе, байланыштарга коротулган чыгымдар кирет. Ал эми бул чыгымдарга АКШнын экс-башчыларын кайтарууга кеткен каражат кирбейт. Бул төлөмдөр 1950-жылы кабыл алынган мыйзамдын негизинде ишке ашырылат", — деп жазылган.

Маалыматта президенттердин коопсуздугуна корогон каражат ондогон миллионду чапчый турганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0