Чемпиондун алаканынын сүрөтү көпчүлүктү таңгалдырды

© SputnikЛадони британского гребца и двукратного олимпийского чемпиона Алекса Грегори. Фото со страницы Instagram пользователя alexgregorygb
Ладони британского гребца и двукратного олимпийского чемпиона Алекса Грегори. Фото со страницы Instagram пользователя alexgregorygb - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британиялык спортчу Алекс Грегори 12 күн бою суу болгон кол капты чечпей кайыктын калагын шилтеп жүргөн

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын эки жолку чемпиону, британиялык спортчу Алекс Грегоринин алаканынын сүрөтү интернетке жүктөлүп, көпчүлүктүн төбө чачын тик тургузду.

Спортчу 12 күн тынымсыз кайык менен Түндүк муз океанында сүзгөндөн кийин алаканын сүрөткө тартып, интернетке жүктөгөн.

"Суу болгон кол капты чечпей кийип жүрө бергендиктен ушундай абал жаралды. Бул жагдай мага кайыктын калагын шилтөөгө тоскоолдук болгон жок. Бирок туздуу суу териге кирип жатты. Мен The Polar Row экспедициясына катышканыма бактылуумун", — деп жазган Грегори.

Спортчу катышкан The Polar Row экспедициясынын алкагында дүйнөлүк 11 рекорд коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0