Кытай: кош бойлуу аял көчөдө көз жарып, баласын көтөрүп, андан ары басып кетти

Жазылуу
Тез жардам кызматы келгенче төрөп койгон аялга дарыгерлер болгону ымыркайын орогонго жардам беришти

Кытайда кош бойлуу аял дүкөн кыдырып жүргөн мезгилде көчөдө төрөп койду. Бул тууралуу Shanghaiist басылмасы жазып чыкты.

Больница Делафонтейн в Сен-Дени возле Парижа - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык аял ымыркайын баштыкка салып курьерден балдар үйүнө берип ийди
Окуяга күбө болгондор тартып алган видео интернет колдонуучулар арасында жайылып, ага кызыгып, көргөндөр арбыган.

Видеодо кытайлык аял дүкөн кыдырып жүргөндө толгоосу башталып, андан соң көчөдө ичин кармап тургандыгын көрүүгө болот. Ага айланасында жүргөндөр отургуч жана бутунун астына салганга картон кагаз алып келип беришкен.

Аял Тез жардам кызматы келгенче төрөп койгондуктан дарыгерлер келип, болгону ымыркайын орогонго жардам беришкен.

Аягында ал жаңы төрөгөн ымыркайын бир колуна, чоң баштыгын бир колуна көтөрүп алып көчөдө жөө басып баратканын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0