БУУнун баш катчысы Мьянманы рохинжаларга жарандык жана укуктук макам берүүгө чакырды

© AFP / JONAS EKSTROMER / TT / TT NEWS AGENCYБывший премьер-министр Португалии Антониу Гутерриш
Бывший премьер-министр Португалии Антониу Гутерриш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ракхайн штатындагы мусулман-рохинжалар менен будда динин туткан бирмалыктардын ортосундагы келишпестик бир нече жылдардан бери уланып келет

БИШКЕК, 6-cен. — Sputnik. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Мьянма бийлигин Ракхайн штатындагы рохинжа мусулмандарына укуктук макам жана мүмкүн болсо жарандык берүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Мьянма өкмөтү рохинжалардан "бенгалдык террочулар" деп аталгандар чыкты деп ишендирип келет. Коомчулук менен өкмөт рохинжаларды Бангладештен ооп келген мыйзамсыз мигранттар деп эсептеп, алар Британ админстрациясы тарабынан XIX жана XX кылымдын ортосунда көчүрүлүп келген деп айтылат.

"Ракхайн штатындагы мусулмандарга же жарандык, же азырынча укуктук статус берүү маанилүү болуп турат. Ошол менен аларга жакшы жашоого мүмкүнчүлүк түзүлмөк", — деп айткан БУУнун башкы катчысы журналисттерге.

Ал Мьянманы этникалык топтордун укугун сактаган демократиялык өлкө катары көргүсү келерин белгилеп өттү.

Столкновения между силами безопасности и боевиками в Мьянме - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ТИМи Мьянмадагы абал боюнча тынчсыздангандыгын билдирди
"Менин көз карашымда бул нерселер аймакта туруксуздашып кете турган кырдаалды жаратышы мүмкүн. Мен Мьянмадагы бийликти, жарандык жана аскер бийлигин мындай зомбулукту токтотууга чакырам", — деди Гутерреш.

Ракхайн штатындагы мусулман-рохинжалар менен будда дининдеги бирмалыктардын ортосундагы келишпестик бир нече жылдардан бери уланып келет.

Чатак аталган мамлекетте бийлик аскерийлерден жарандык өкмөткө өтүп, демократиялык реформалар башталганда күч алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0