ЖМК: Мьянманын бийлиги Бангладеш менен болгон чек арасына мина коюуда

© REUTERS / Mohammad Ponir Hossain / File PhotoКонфликт между рохинджа и коренным населением в Мьянме
Конфликт между рохинджа и коренным населением в Мьянме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Минага жырылып каза болгондор бар. Бангладештин чек арачылары Мьянманын аймагынан эки жарылуунун үнүн угушкан.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Мьянманын бийлиги Бангладеш менен болгон чек арасына мина коюуда. Бул тууралуу Reuters агенттиги Бангладештин өкмөтүндөгү булагына таянуу менен билдирди. 

Маалыматка ылайык, миналар үч күндөн бери тикенек зымдардын түбүнө чейин коюлууда. Бангладештиктер коңшулардын мындай кадамдары тууралуу тартылган сүрөттөрдөн жана атайын маалыматтардан билишкен.

"Биздин күч органдар тикенек зымдардын жанында иштеп жаткан үч-төрт топ жерге бир нерселерди коюп жатканын көрүшкөн. Биз атайын булактар аркылуу алар мина коюп жатканын билдик", — деп агенттиктин маектеши билдирген.

Бывший премьер-министр Португалии Антониу Гутерриш - Sputnik Кыргызстан
БУУнун баш катчысы Мьянманы рохинжаларга жарандык жана укуктук макам берүүгө чакырды
Reuters агенттиги Бангладештин чек арачыларынан миналарга жарылып каза болгондор тууралуу билишкен. Чек арачылардын айтымында, эки жарылуу угушкан, андан эки бала жаракат алган. Бирөөнүн буту жулунуп, Бангладештин аймактык ооруканасына жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча шаршемби күнү Бангладештин бийлиги чек арага жакын жерге мина орнотууга расмий түрдө каршы чыгары айтылууда.

Ракхайн штатындагы мусулман-рохинжалар менен будда дининдеги бирмалыктардын ортосундагы келишпестик бир нече жылдардан бери уланып келет.

Чатак аталган мамлекетте бийлик аскерлерден жарандык өкмөткө өтүп, демократиялык реформалар башталганда күч алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0