Мьянма тууралуу эмне билебиз? 10 факты

© AFP / ROBERTO SCHMIDT Мьянма. Город Янгон
Мьянма. Город Янгон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мьянмадагы каргашалуу окуялардан кийин буга чейин анча белгилүү боло бербеген аталган өлкө тууралуу дүйнө эли сөз кыла баштады. Буга таң калуунун деле кереги жок, анткени аталган мамлекет башкача аталып, обочо жашап келген. Назарыңыздарга Азиянын түштүк-чыгышында жайгашкан мамлекет тууралуу бир катар фактылар.

Мьянманын тарыхы 2500 жылдан ашуун убакытты камтыйт. Бирок өлкө Бирма деген аталыш менен белгилүү болуп келген. Себеби XIX кылымда өз колониясына айландырган англичандар бул өлкөнүн атын өзгөртүп койгон. Өз аталышын мамлекет 1989-жылы гана калыбына келтирген. Бул Мьянма тууралуу айтып берчү алгы сөз.

Бирмалыктардын фамилиясы жок. Ысымдардын алдында кишинин жынысын, курагын жана социалдык макамын көрсөтө турган атайын белги коюлат;

55 миллион калкы бар. 678 миң чарчы чакырымды ээлеген Мьянмада 55 миллиондон ашуун киши жашайт. Борбору — Нейпьидо шаары. Бул конфессиялар ортолугундагы өлкө. Элдин 89 пайызы будда, ал эми 4 пайызы мусулмандар, 4 пайызы христиандар, бир пайызы анимизм ишенимин кармангандар, ал эми калган 2 пайызы ар кыл диндердин өкүлдөрү. Бул жерде мезгил-мезгили менен диний чатактар чыгып турат.

Жан-жаныбар менен өсүмдүккө бай өлкө. Кабыландар менен бирге бугуларды, уулуу жыландарды, жарганаттардын түрүн кездештирүүгө болот. Мьянмада кокос пальмалары, лиана, бамбук, орхидеялар өсөт; 

© AFP / YE AUNG THUМьянма менен Таиланддын аймагында аялдарынын мойнун узартуу салтын карманган падаунг уруусу жашайт
Всеобщие выборы в Республике Союз Мьянма - Sputnik Кыргызстан
Мьянма менен Таиланддын аймагында аялдарынын мойнун узартуу салтын карманган падаунг уруусу жашайт

Узун моюндуулар. Мьянма менен Таиланддын аймагында аялдарынын мойнун узартуу салтын карманган падаунг уруусу жашайт. Моюн латунь шакекчелеринин жардамы менен узартылат. Алгачкы шакекчени кыз бала 5 жашында тагынат да жашы жогорулаган сайын шакектердин да саны көбөйө берет. Рентген мындан моюндун түзүлүшү өзгөрбөй, ийин ылдый түшүп кете турганын көрсөткөн;

Апийим өтө ашыкча. Мьянма апийимди мыйзамсыз өстүрүү боюнча Афганистандан кийинки эле орунда турат; 

© Фото / Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүМьянманын желеги
Прибытие глав делегаций - участников саммита Россия — АСЕАН к конгресс-центру в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Мьянманын желеги

Интернет менен телефон ... сейрек. 1962-жылда болуп өткөн Мьянмадагы аскердик төңкөрүштөн кийин өлкө обочолонуп жашап калган. Ал бийлик кийинки төңкөрүшкө, тагыраагы 1988-жылга чейин өлкөнү башкарып келген. Бирок аталган мамлекетте ушу кезге чейин интернет менен телефондук байланыш жакшы өнүккөн эмес. Нефти менен газдын очогу экенине карабастан автомобиль тармагы да начар абалда;

Англисче түш жорушат. Англис тилин үйрөнүү колониалдык мезгилден тарта адат болуп калган. Бул тилди элдин дээрлик баары билет. Жогорку мектептерде сабактардын баары англис тилинде окутулат;

Столкновения между силами безопасности и боевиками в Мьянме - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ТИМи Мьянмадагы абал боюнча тынчсыздангандыгын билдирди
Мьянманын аялдары бийликчил жана каардуу келишет. Негизи ал кыз-келиндер дүйнөдөгү эң эле эркин аялдар болуп эсептелинет, анткени турмушка каалаган учурда чыгып, каалаган учурда ажырашып кете алат. Мындан тышкары, берилген сеп менен болгон байлык аялдын менчиги болуп саналат. Буга карабастан билим алууга ашыккан кыз-келиндер аз;

Саясатташкан кыз-келиндер. Бийлик башындагы эң белгилүү аял — иштер министри жана премьер-министр Аун Сан Су Чжи. Оппозициядагы бул айым 1989-жылдан 2010-жылга чейин үй камагында болгон. U2 рок группасы ага арнап "Walk on" ("Токтобо") аттуу чыгарма арнаган;

"Чоп"... Официанттарды кол көтөрүп эмес, эриндин чоп эткен үнү менен чакыруу салт.

Жаңылыктар түрмөгү
0